Чоң-Алай райондук архитектура башкармалыгынын имараты ачылды

Аймак 20 Октябрь 2025 15:00
566215521_1321974192734960_3200351861190735560_n.jpg
566198843_1321974309401615_6314975991520147548_n.jpg
566215720_1321974449401601_2998626678094470968_n.jpg
566216258_1321974352734944_5345075635209458668_n.jpg
566241054_1321974246068288_173028328416498750_n.jpg
568506761_1321974239401622_4688945861460633035_n.jpg
568585744_1321974222734957_3884285953270240138_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 20.10.25. /Кабар/. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чоң-Алай райондук башкармалыгынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министрдин орун басары Бакай Турдугулов, Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору Замира Кангелдиева, Чоң-Алай районунун акими Мирбек Шамырканов, жергиликтүү мамлекеттик органдардын башчылары, аймактык башкармалыктын жетекчилери, ардагер архитекторлор жана кызматкерлер катышты.

Буга чейин райондук башкармалыктын кызматкерлери эски жана талапка жооп бербеген имаратта иштеп келген.

Долбоорго ылайык, жалпы 206 чарчы метрди ээлеген эки кабаттуу имаратта, жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе, архитекторлордун бөлмөлөрү жана техникалык кабинет бар. Заманбап стандарттарга ылайык курулган имаратта кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар, жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү.

Белгилей кетсек, Курулуш министрлигине караштуу жаңы административдик имараттар мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички ресурстары менен курулууда. Учурда өлкө боюнча ондогон жаңы административдик имараттар салынып жатат.