Чолпон-Атанын муниципалдык кызматтарына атайын техникалар берилди

Аймак Загрузка... 18 Июнь 2026 11:30
copyright icon Чолпон-Ата шаарынын мэриясы

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө.

Мэриядан билдиришкендей, бул иштер Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында аткарылууда.

"Күн мурун "Тазалык" муниципалдык ишканасына 11, ал эми "Гүлбакча" муниципалдык ишканасына 5 жаңы атайын техника берилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жаңы техникалар шаарды көрктөндүрүү, тазалоо жана коммуналдык кызматтардын ишинин сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.