Чолпон-Атанын борбордук көчөсү толук оңдолду

Аймак 26 июнь 2025 11:16
WhatsApp_Image_UNpXpDg.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_fKvR734.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_DHtkIJ4.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_66FMcyW.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_3uOTqYD.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_SVYdK1M.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_1ioe2rb.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_2wvoefV.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду унаа жолунун 77,5-81,4 — чакырым аралыгы толук реконструкцияланды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.

Сөз узундугу 3,9 чакырымды түзгөн Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү тууралуу болуп жатат.

Жол оңдоо иштери “Кыргызавтожол — Түндүк” мамлекеттик ишканасы жана “Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн” компаниясы тарабынан жүргүзүлдү.

Долбоорго ылайык, 4 тилкеден турган жолдун ар бир тилкеси 3,5 метр болуп, жалпы унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 14 метрди түздү. Эл аралык макамга ээ болгон бул жолдун интенсивдүүлүгүн эске алып, жүк көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында алгач 9 см калыңдыктагы асфальттын жогорку катмары төшөлдү.

Долбоордо каралган 100дөн ашык суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, жол четинде лотокторду жана бордюр таштарды коюу, аялдамаларды жана жолдун эки тарабына унаа токтотуучу жайлар менен тротуар куруу, 2 көпүрөнү оңдоо иштери толук жыйынтыкталды.

Ошондой эле Чолпон-Атанын борбордук көчөсүн жарыктандыруу жумуштары аткарылды.