Чолпон-Атадагы ат майданы жана айланма жолдун курулушу дээрлик аяктап калды

Аймак Загрузка... 17 Июль 2026 16:55
553234438_3566576413485532_6699285136327874289_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы айланма жолдун жана капиталдык оңдоодон өтүп жаткан ат майданынын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, учурда эки объектте тең курулуш иштери күчөтүлгөн тартипте, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Алсак, ат майданында асфальт төшөө иштери соңку баскычка жетип, бүтүрүү алдында турат.

Министр курулуш аянттарын кыдыруу учурунда аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, жооптуу жетекчилерге курулуштун темпин мындан ары да күчөтүү, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо жана бардык иштерди жогорку сапатта бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана бөлүнгөн мамлекеттик каражаттын негизинде Чолпон-Ата шаарындагы айланма жолдун жана капиталдык оңдоодон өтүп жаткан ат майданынын курулуш иштери кызуу уланууда.