Чолпон-Атадагы ат майданда асфальт төшөө иштери күнү-түнү жүрүүдө

Аймак Загрузка... 20 Июль 2026 10:45
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда асфальт төшөө иштери күчөтүлгөн тартипте уланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, курулуш аянтчасында адистер күнү-түнү иштеп, объектти белгиленген мөөнөттө жана жогорку сапатта пайдаланууга берүү үчүн иштерди тынымсыз жүргүзүп жатышат.

Ошондой эле ат майдан эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташтырылууда.

Учурда асфальт төшөө иштери бекитилген графикке ылайык аткарылып, курулуштун сапаты көзөмөлдө.