Чолпон-Атада Курулуш министрлигинин аймактагы башкармалыгынын имараты курулууда

Аймак 13 октябрь 2025 11:15
564522619_1317313039867742_7826002102554982054_n.jpg
559193801_1317312476534465_1145645551565017311_n.jpg
561511076_1317312829867763_7829825963288413358_n.jpg
565121566_1317312906534422_2017028509355805002_n.jpg
562301077_1317312586534454_235594365172764218_n.jpg
563586971_1317312853201094_5100857854286568872_n.jpg
564584693_1317312636534449_4145423043732271306_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Чолпон-Атада аймактык башкармалыктын жаңы административдик имараты курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти

Ведомстводон маалымдашкандай, министр Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында имараттын курулуш иштери менен таанышты.

Долбоорго ылайык, жалпы 251,91 чарчы метрди ээлеген имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмө бар. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 80 пайызы бүткөрүлдү.

Министрликтен белгилешкендей, жаңы административдик имараттар мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички ресурстары менен курулууда. Учурда өлкө боюнча ондогон жаңы административдик имараттар салынып жатат.