Чолпон-Атада ЖККУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин жыйыны өтөт

Коом Загрузка... 03 Сентябрь 2025 14:20
IMG_5865.jpeg
copyright icon www

Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Эртең, 4-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдар боюнча Координациялык кеңешинин 16-жыйыны өтөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Координациялык кеңештин аянтчасына Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын өзгөзө кырдаалдар боюнча тиешелүү министрликтеринин башчылары, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков катышат.

Жыйынды КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев алып барат.

Күн тартибинде өзгөчө кырдаалдар жаатында эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, 2026-жылга карата биргелешкен иш-чаралардын планы жана ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндө куткаруучу бөлүмдөрдүн аракетке даярдыгын жогорулатуу каралмакчы.

Жолугушуунун жыйынтыгында протоколдорго кол коюлат.