Чолпон-Атада ЖККУ ТИМ башчылар кеңешинин жыйыны өттү – талкууланган маселелер — Кабар

Чолпон-Атада ЖККУ ТИМ башчылар кеңешинин жыйыны өттү – талкууланган маселелер

Саясат 30 июнь 2025 16:33
514073963_1135959445234231_2531747748802797782_n.jpg
514194858_1135958778567631_8137484353921718686_n.jpg
504376357_1135958795234296_2704547017702416037_n.jpg
504378133_1135959018567607_3787995932202732647_n.jpg
504380793_1135959275234248_7643311939275184354_n.jpg
504429466_1135959488567560_3180687436695323850_n.jpg
504432363_1135959138567595_5714241436340511713_n.jpg
504433577_1135958888567620_6455681736715006234_n.jpg
504434871_1135958851900957_8979788562968647530_n.jpg
510540542_1135959245234251_2957854699225861654_n.jpg
510800911_1135959028567606_6343778156565210970_n.jpg
513793919_1135958898567619_7593364523542212416_n.jpg
513919779_1135959181900924_1799278440430215421_n.jpg
513937545_1135958751900967_7915032975638936705_n.jpg
514219072_1135959065234269_4819473885617097474_n.jpg
514298489_1135958971900945_8513073160407879831_n.jpg
514350940_1135959165234259_8443348403108050008_n.jpg
514695822_1135959401900902_5487988433664868937_n.jpg
514707504_1135959398567569_8782341557748957839_n.jpg
514863869_1135959318567577_3676664589428120583_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жыйынга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышты.

Жыйындын жүрүшүндө эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери, ошондой эле ЖККУнун алкагында мүчө мамлекеттердин тышкы саясий аракеттерин координациялоо маселелери талкууланды. Айрыкча уюмдун алкагындагы кырдаалга, тышкы коркунучтарга каршы жамааттык чараларды күчтөндүрүүгө жана башка эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө глобалдык чакырыктар күчөп жаткан шартта ЖККУга мүчө мамлекеттердин күч-аракеттерин бириктирүүнүн маанисин белгилеп, Кыргызстандын жамааттык коопсуздуктун принциптерине, тең укуктуу диалогго жана суверенитетке болгон урмат-сыйга берилгендигин баса белгиледи.

Министрдин айтымында, кыргыз тарап региондогу мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөөгө, көп тараптуу дипломатияны кеңейтүүгө жана ЖККУнун кризистик жагдайларды тынчтык жолу менен жөнгө салуусуна активдүү катышууга өзгөчө маани берет.

Мындан тышкары, маалыматтык чөйрөдө кызматташууну тереңдетүүнүн, деструктивдүү идеологиялардын жайылышына каршы күрөшүүнүн жана ЖККУнун эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөнүн зарылдыгы дагы белгиленди.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери төмөнкүдөй биргелешкен билдирүүлөргө кол коюшту:

  • радикалдашууга, терроризмге жана экстремизмге алып келүүчү көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча;
  • эл аралык маалыматтык коопсуздук боюнча;
  • Борбор Азия жана Афганистан үчүн БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча аймактык борбору жөнүндө;
  • Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу.

ЖККУга төрагалык кылган Кыргызстан жыйындын жүрүшүндө тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоого багытталган демилгелерди колдогондугу жана конструктивдүү диалог үчүн бардык делегацияларга ыраазычылык билдирди.