Чолпон-Атада жаңыланган “Чолпон” кинотеатры ишке берилди

Маданият Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 11:05

Бишкек, 07.08.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында жаңыланган “Чолпон” кинотеатрынын расмий ачылыш аземи өттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, ачылыш азем министр Мирбек Мамбеталиев, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана шаар тургундары катышуусунда өттү.

Министр кинотеатрлар көрүүчүлөр менен кино искусствосунун ортосундагы маанилүү байланыштыруучу маданий мейкиндик экенин белгилеп, бүгүнкү күндө алардын заманбап маданий жана агартуучулук борборлорго айланып жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал шаар тургундары жана коноктор үчүн заманбап маданий борбор болуп, анда кино көрсөтүүлөр, фестивалдар, бет ачарлар жана чыгармачылык жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турарына ишеним билдирди.