Бишкек, 26.07.25. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көлдүн жээгиндеги экологиялык абалды жакшыртууга багытталган жаңы тазалоочу курулмалардын курулушу башталды.
Журналисттер Ысык-Көлдү коргоо фонду тарабынан уюштурулган экологиялык рейд учурунда шаардык тазалоочу жайлардын абалы менен таанышты.
Курулуш долбоору Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) гранттык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда, бул үчүн тазалоочу жайларды, ошондой эле курорттук аймактагы музейди жана парктарды курууга 56 млн доллар бөлүнгөн. “Кабар” агенттигине Чолпон-Ата шаарынын “Сууканал” ишканасынын директору Махмуд Турдакунов билдиргендей, учурда жеринде курулуш иштери башталды.

"Кытайлык "Чайна Роуд" компаниясы сынакта жеңип чыгып, 10 күн мурун ишин баштады. Учурда убактылуу жатаканалардын имараттары, ашкана курулуп жатат. Ал эми жаңы тазалоочу курулманын пайдубалын түптөө үчүн жер казуу иштери жүрүүдө. Курулуш иштерине 100гө жакын адам тартылды", - деди ал.
Ошондой эле Турдакунов курулуш иштери 24 айга созуларын белгиледи.
“Жаңы система “Кыргыз деңизинин” арт жагында жайгашкан “Асыл-Таш” пансионатынан Кара-Ой айылына чейинки бардык пансионаттарды, эс алуу үйлөрүн жана башка туристтик объектилерди, ошондой эле Чолпон-Ата шаарындагы жана Бостери, Кара-Ой, Бактуу-Долоноту айылдарындагы турак жайларды камтыйт. Мындан тышкары, долбоордун эки жылга созула турган экинчи этабында жаңы канализациялык системаны да камтыйт”, - деди Турдакунов.

Экорейддин жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарында иштеп жаткан тазалоочу жайлардын абалы кейиштүү абалда экени көрүндү. Анда кээ бир бассейндер токтоп турса, башкалары максималдуу кубаттуулукта иштеп жатат. Кээ бир курулуштар дат баскандыктан, тазаланбаган суу жанындагы жерге агууда. Ысыктан улам ого бетер сасык жыт жыттанууда.
"Учурда объектте механикалык тазалоо иштери гана жүрүп жатат. Кышкысын тазалоочу жайлардын кубаттуулугу болжол менен 3,5 миңден 4 миңге чейин, ал эми жайкысын суткасына 8 миң куб метрге чейин жетет. Андан чыккан суу талааларды сугарууга кетет", - деп кошумчалады ишкана жетекчиси.
Жаңы тазалоочу жайларда америкалык алдыңкы IFAS (Integrated Fixed-Film Activated Sludge) технологиясы колдонулат. Бул терең, анын ичинде реагенттерди жана микробдорду колдонуу менен биологиялык тазалоону камтыйт.

"Алынган суу жаңы насостук станция аркылуу тоо тарапка тартылып, ал жерден тоо суусу менен аралашып, эгин талааларын сугаруу үчүн пайдаланылат. Жаңы объекттин долбоорун түзгөн адистер тазаланган сууну ичсе да болот деп ишендирип жатышат. Анан көрө жатарбыз...", - дейт ал.
Чолпон-Ата шаарынын инфраструктурасын модернизациялоо, анын ичинде тазалоочу курулмаларды куруу долбоору “Ысык-Көлдү комплекстүү өнүктүрүү” масштабдуу демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат. Каражат бөлүү чечими 2023-жылдын май айында грантты жактырган АӨБ тарабынан кабыл алынган. Программаны ишке ашыруу боюнча гранттык макулдашуу 2024-жылдын ноябрь айында Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган. Тиешелүү мыйзамга президент С.Жапаров ошол эле жылдын декабрь айында кол койгон.