Чолпон-Атада Ысык-Көлдүн акваториясын сактап калуу маселеси талкууланууда

Аймак 29 Май 2026 12:00
WhatsApp_Image_FQfif3C.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
96702042-92f9-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
4dd24628-0250-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
52b6c9b0-236b-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
f7df0dd7-78c0-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында "Ысык-Көлдүн акваториясын сактоо боюнча улуттук саясат" деген темада тегерек стол өтүүдө.

Иш-чарага жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Бакытбек Жетигенов, Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов, ошондой эле мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөнүн, туризм тармагынын өкүлдөрү, экологдор жана башкалар катышууда.

Тегерек столдун алкагында катышуучулар Ысык-Көлдүн биоартүрдүүлүгүн сактоо, пластик калдыктары менен булганууну азайтуу, тазалоочу курулмаларды модернизациялоо, ошондой эле көлдүн абалын илимий изилдөө маселелерин карап жатышат.