Чолпон-Атада Ысык-Көл “Run the Silk Road” эл аралык марафону өтөт

Спорт Загрузка... 11 Апрель 2025 11:30
WhatsApp Image 2025-04-11 at 09.45.48.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкекте, 11.04. 25. /Кабар/. 3-майда Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл “Run the Silk Road” эл аралык марафону старт алат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, марафонго ШКУга мүчө болгон мамлекеттердин алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү жана бардык каалочулар катышат.

Марафондун алкагында 42,2 , 21, 1, 10, 3 чыкырым жана скандинавиялык басуу дистанцияларында жарыш өтөт. Иш-чарага 4 миңден ашуун катышуучунун келүүсү күтүлүүдө.

Марафонго катышуу үчүн www. runthesilkroad.com шилтемеси аркылуу катталыңыз.