Чолпон-Ата, 01.08.25. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий-этнографиялык комплексинде дүйнөлүк "Рух Санат" салттуу маданият жана музыка фестивалынын расмий ачылыш аземи өтүүдө.
Салтанаттуу саамалыкка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев жана бир катар өлкөлөрдүн маданият ишмерлери катышууда.
Салтанаттуу иш-чара “Жердин ыры” аттуу театрлаштырылган шоу-пролог менен башталды. Шоу-прологдон кийин 37 өлкөнүн чыгармачыл топтору катышкан салттуу парад өттү.
Андан соң, фестивалды министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ачып, мындай фестивалды өткөрүү азыркы доордун талабы экенин белгиледи.
“Дүйнөдө ар түрдүү этностор жашайт. Алардын ар бири өздөрүнүн маданий колоритин сактап калууга аракет кылууда. Бул элдин эрдиги жана маданий түбөлүктүүлүгүнүн белгиси. Колориттердин ичинде кыргыз элинин байыртадан бери барктап келген өзгөчө мурасы, оозеки салттагы профессионалдык музыка өнөрү жана аваздык аспапчылык искусствосу чоң орунду ээлейт. Баарыңыздарды “Рух Санат” фестивалынын ачылышы менен куттуктайм. Мындай фестивалды өткөрүү азыркы доордун талабы. Бул иш-чара дүйнө элдеринин экономикасын жана маданиятын жакындатуу менен катар, ата-бабаларыбыздын байыркы үнүн бүгүнкү муундун добушу менен дүйнөгө угузууга шарт түзөт. Анткени, жоголгон мурастын ордун толтуруу кыйын. Ал эми фестивалдын үч күндүк программасы аркылуу ата-бабалардын изи, салт-санаасы менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Фестивалдын уюштуруучуларына жана анын башкы демилгечиси Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, дастанчы Роза Амановага терең ыраазычылык билдирем. Дүйнөлүк “Рух Санат” салттуу маданият жана музыка фестивалынын ачылышы менен дагы бир ирет куттуктайм жана ийгиликтерди каалайм”, - деди ал.
Белгилей кетсек, иш-чара президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылууда.
Үч күнгө созулган фестивалга дүйнөнүн 37 өлкөсүнөн 130дан ашуун салттуу музыкалык искусство ишмерлери, музыканттар, изилдөөчүлөр, эксперттер, продюсерлер катышат. Алар өз элдеринин кылымдарды карыткан, кайталангыс музыкалык жана маданий каада-салттарын, руханий мурастарын дүйнө коомчулугуна тартуулашат.