Бишкек, 07.07.2026 /Кабар/. Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияда Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардарини тосуп алуу расмий салтанаты өттү.
Салтанатта эки өлкөнүн гимни жаңырып, президенттер расмий делегациялардын курамы менен таанышышты.
Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр алгач тар курамда, андан соң эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда кеңейтилген форматта улантылаары маалым.
Күн тартибинде саясий кызматташтыкты өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу, транспорттук байланыштарды жакшыртуу, энергетика, айыл чарба, билим берүү, туризм, саламаттыкты сактоо тармактарында кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланмакчы.