Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. Күн мурун Чолпон-Ата шаарында мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин координациялык кеңешинин 28-жыйыны өттү.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жыйынды эмгек министринин орун басары - координациялык кеңештин мүчөсү Дарманкул уулу Бакыт ачты.
Жыйынга Россия, Беларусь, Кыргызстан, Тажикстандын миграциялык органдарынын жетекчилери, ошондой эле ЖККУнун катчылыгынын жана КМШга катышуучу мамлекеттердин антитеррордук борборунун өкүлдөрү катышты.
Жыйында Россиянын ички иштер министринин биринчи орун басары – Россия ИИМинин чет өлкөлүк жарандарды каттоо жана жарандык маселелери боюнча кызматынын башчысы, полициянын генерал-полковниги Андрей Кикоть Координациялык кеңештин төрагасы болуп шайланды.
Катышуучулар ЖККУга мүчө мамлекеттердеги миграциялык кырдаалды талкуулап, чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүн, чыгышын жана жүрүш-турушун көзөмөлдөөдө компетенттүү органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Ошондой эле 2025-жылы мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча ЖККУнун "Нелегал" деген аталыштагы аймактык операциясынын биринчи этабынын жыйынтыктары чыгарылды.