Чолпон-Атада “Мейкин Азия” фестивалы башталууда

Маданият Загрузка... 20 Июль 2025 20:39
IMG-20250720-WA0009(1).jpg
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 20.07.25. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Борбор Азиядагы эң чоң музыка фестивалдарынын бири – “Мейкин Азия” башталууда.

Эл аралык деңгээлдеги бул иш-чара быйыл да жаш таланттар үчүн чоң сахнага жол ачып, маданий туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзмөкчү.

Фестиваль ар жыл сайын жүздөгөн катышуучуларды жана миңдеген көрүүчүлөрдү чогултуп келет.

Бул жылы да Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжан жана башка өлкөлөрдөн келген ырчылар, музыканттар жана чыгармачыл топтор күч сынашат.

“Мейкин Азия” – бул жөн гана музыкалык фестиваль эмес, маданий баалуулуктарды жайылтуу, аймактык достукту чыңдоо жана туризмди өнүктүрүүнүн маанилүү аянтчасы.