Чолпон-Атада "Мейкин Азия" фестивалы уланууда

Маданият Загрузка... 21 Июль 2025 22:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 21.07.25. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында "Мейкин Азия" фестивалынын экинчи күнү уланууда.

Фестивалдын алкагында катышуучулар экинчи турга чыгып, сахнада өз өнөрлөрүн тартуулашууда. Мындан сырткары, белгилүү ырчылардын катышуусунда чоң концерттик программа өтүп жатат.

Кечки бөлүктө азыркы учурда популярдуулукка ээ болгон Ay-Yola тобу жана белгилүү ырчы Sevak’тын ырдашы күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, сынактын гран-при сыйлыгы катары жеңүүчүгө 8 миң доллар, ал эми биринчи орунга 5 миң доллар каралган.

Фестивалдын жыйынтыктоочу бөлүгү — жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи жана гала-концерт — эртең, 22-июлда өтөт.

Жыйынтыктоочу күнү атактуу ырчы Димаш Кудайберген өзүнүн чыгармаларын аткарып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулайт.