Чолпон-Ата, 20.07.25. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында IV эл аралык эстрадалык музыка аткаруучуларынын "Мейкин Азия" фестивалынын расмий ачылыш аземи өтүүдө.
Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Түрксой уюмунун баш катчысы Султан Раев жана бир катар маданият өкүлдөрү катышууда.
Алгач саамалыкты маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев ачып, катышуучуларды жана келген конокторду фестивалдын расмий ачылышы менен куттуктап, катышуучуларга ийгилик каалады.
“Мейкин Азия” — бул жөн гана музыкалык сынак эмес, маданияттар ортосундагы диалог, достукту бекемдөөчү, чыгармачылыкты колдогон чоң аянтча. Бул фестиваль аркылуу жаш таланттар эл аралык деңгээлге чыгып, маданий байланыштарды чыңдап жатышат”, — деди ал.
Андан соң дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн келген фестивалдын катышуучулары тааныштырылып, сахнада өз чыгармаларын аткарышты.
Эске салсак, фестиваль дагы эки күнгө уланат. Ар бир сынак Кыргызстандын жана чет өлкөлүк белгилүү жылдыздардын катышуусунда концерттер менен коштолот. Фестивалдын ардактуу коноктору I "Мейкин Азия" фестивалынын жеңүүчүсү, белгилүү ырчы Димаш Кудайберген, ошондой эле азыркы учурдагы популярдуу Ay-Yola тобу жана Sevak болушат.
21-июлда фестивалдын экинчи туру өткөрүлөт. 22-июлда фестивалдын жабылышы өтөт. Бул күнү Димаш Кудайберген ырдап, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтөт.