Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. 5-июлдан 25-августка чейин Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында масштабдуу "Ысык-Көл 2025" айыл чарба жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара күн сайын саат 10:00дөн 18:00гө чейин өткөрүлөт.
Жарманкеге дыйкандар өндүргөн жаңы жашылча-жемиштер, эт, сүт азыктары, бал, улуттук тамак-аштар, кол өнөрчүлөрдүн колунан жаралган этно кийимдер жана буюмдар, гүлдөр жана декоративдүү өсүмдүктөрдүн көчөттөрү сатууга коюлуп, багуу боюнча кеңештер берилет.
Мындан тышкары, ар түрдүү мастер-класстар уюштурулат.
Иш-чаранын негизги максаты — жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү жана кол өнөрчүлөрдү колдоо, айыл чарбасын өнүктүрүү. Жарманкеге келгендер таза, табигый продукцияларды түздөн-түз фермерлерден сатып алышат.
Чолпон-Ата ат майданы 25 гектар аянтты ээлеп, 10 миң кишиге чейин батат. Ал заманбап шарттар менен жабдылып, чоң иш-чараларды өткөрүүгө ыңгайлуу.
Жарманкеден түшкөн каражат ипподромду жакшыртууга жана асыл тукум ат чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталат.
Кирүү акысыз. Ыңгайлуу унаа токтотуучу жай, эс алуу чатырлары жана отургучтар каралган.
Кошумча маалымат жана катышуу боюнча байланыш телефону: +996 555 346060.