Чолпон-Атада май куюучу станция мыйзамсыз реконструкцияланган

Аймак Загрузка... 13 Апрель 2026 11:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 13.04.26. /Кабар/. Чолпон-Атада май куюучу станция мыйзамсыз реконструкцияланганы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардын Совет көчөсү, 283 дарегинде жайгашкан май куюучу станциянын реконструкциялоо иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, курулушка тиешелүү талаптар да сакталган эмес.

Буга байланыштуу "Клайм Групп" ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө, ошондой эле объектти мыйзамсыз эксплуатациялап жаткандыгы үчүн кошумча 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ысык-Көл региондук архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы объектти демонтаждоо жана жер тилкесин баштапкы абалына келтирүү максатында Ысык-Көл райондук сотуна доо арыз берди.