Чолпон-Атада Кыргызстан менен Казакстан ТИМ башчылары жолугушту

Саясат 2029 02 Август 2025 15:05
8d452924-94b8-48b9-82da-f1d93edc8504.jpeg
c54fb8dd-9eb6-4be5-ab44-f0009806c5cf.jpeg
f53ff39e-f1c8-41a2-b1c4-ab45c6e4655c.jpeg
f6fadbbd-08b3-4cba-8d5f-ca9d0a1175d7.jpeg
f13596cf-ddf2-4af2-8f5d-41e95ab1e5f0.jpeg
ade0e945-4ff7-40e1-b2e3-b8deca58ebf3.jpeg
7b2e44d9-ed89-42d0-b58d-4eef93087b13.jpeg
85deaeae-60f3-4561-b1fd-9f2b90d58395.jpeg
ea8f13a3-0d73-470a-801f-6055a2e19210.jpeg
00fb9167-447c-4492-9170-077dd99b5bee.jpeg
d5750850-a28f-49ab-b937-8dc02ce40aa9.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 02.08.25. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жана Казакстандын ТИМ башчылары эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, транзиттик-транспорттук, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана миграциялык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүсүнүн негизги аспектилерин талкуулашты, ошондой эле эки өлкөнүн эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы кызматташтыгы боюнча пикир алмашты.

Негизги басым соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттарын модернизациялоого, товарлардын жана адамдардын эркин жүрүшүн камсыз кылууга жасалды.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өз ара пайдалуу экономикалык байланыштарды мындан ары тереңдетүү, эки тараптуу товар жүгүртүү жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин белгиледи.

Ошондой эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарын даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары жакын арада Кыргызстан жана Казакстан президенттеринин төрагалыгы астында өтө турган Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин жетинчи отурумунун документтерине кол коюшту.

Белгилей кетсек, Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин атайын чакыруусу менен келген.