Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. 30-октябрда Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 13-саммити өтөт.
Уюмдун маалыматына караганда, саммит "Түрк кылымы: тилде, ойдо, иште биримдик" темасында өткөрүлөт.
Саммитке Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган төрагалык кылып, ага уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары, байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана ТМУнун башкы катчысы катышат.
Жыйында саясий кызматташтык, соода жана инвестиция, транспорт, энергетика, санариптик өнүгүү, маданий-гуманитардык байланыштар жана Уюмдун институционалдык өнүгүүсү талкууланат. Ошондой эле түрк мамлекеттеринин биримдигин бекемдөө жана "Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040" стратегиясын ишке ашыруу маселелерине көңүл бурулат.
Түркия Азербайжандан ТМУга төрагалыкты өткөрүп алгандан кийинки бул саммитте Уюмдун жаңы башкы катчысын дайындоо жана алдыдагы мезгилге карата стратегиялык артыкчылыктарын аныктоо күтүлүүдө.
Жыйынтыгында кызматташтыкты тереңдетүүгө жана уюмдун түзүмүн бекемдөөгө багытталган документтер, анын ичинде Анкара билдирүүсү кабыл алынары күтүлүүдө. Саммиттин алдында тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жана ТМУнун тиешелүү органдарынын даярдык жыйындары өтөт.