Чолпон-Атада Кыргызстан менен Индия ТИМ башчылары жолугушту

Экономика Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 18:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Индиянын тышкы иштер, айлана-чөйрө, токой чарбасы жана климаттын өзгөрүшү боюнча мамлекеттик министри Кирти Вардхан Сингхтин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Чолпон-Ата шаарында өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында орун алды.

Анын жүрүшүндө эки тараптуу сооданын көлөмүн, инвестицияларды, өндүрүш тармагындагы кызматташтыкты, ошондой эле туристтик алмашууларды кеңейтүү боюнча чаралар талкууланды. Банктар аралык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар ШКУнун алкагындагы өз ара кызматташуунун келечеги боюнча кеңири пикир алышып, жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде өтө турган алдыдагы байланыштардын графигин карап чыгышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендигин ырасташты.