Чолпон-Атада кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин IV отуруму аяктады

Коом Загрузка... 26 Август 2025 16:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 26.08.25. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин IV отуруму болуп өттү.

Ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров, Германиянын Чыгыш комитетинин башкаруучу директору Михаэль Хармс, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрү катышты.

Иш-чара Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө багытталды.

Анын алкагында энергетика, айыл чарба, кайра иштетүү, логистика сыяктуу тармактар боюнча кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү кеңири талкууланды.

Отурумдун соңунда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы менен Германиянын “Rhenus SE жана Co. KG” компаниясынын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду.