Чолпон-Атада кыргыз-герман бизнес-форуму жана Ишкердик кеңешинин отуруму өтөт

Экономика Загрузка... 25 Август 2025 10:18
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 26-августунда Чолпон-Ата шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда "Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү" кыргыз-герман бизнес-форуму жана кыргыз-герман Ишкердик кеңешинин IV отуруму өтөт.

Аталган бизнес-форумдун алкагында «Экспорттук потенциал жана өткөөл мезгилдеги логистика: Ортоңку коридордун мүмкүнчүлүктөрү» жана «Кыргыз-герман экономикалык кызматташтыгы үчүн энергетика тармагындагы долбоорлор» темаларында панелдик сессиялар пландаштырылган.

Ошондой эле тыгыз ишкердик байланыштарды түзүүгө багытталган В2В жана В2G жолугушуулары каралган.

Кыргыз-Герман ишкердик кеңешинин IV отуруму Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине арналат.