Чолпон-Атада кыргыз-герман бизнес-форуму өз ишин баштады

Экономика Загрузка... 26 Август 2025 10:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 26.08.25. /Кабар/. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында "Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү" аттуу кыргыз-герман бизнес-форуму жана Кыргыз-Герман ишкердик кеңешинин IV отуруму башталды.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, “Кепилдик фонду” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров, Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин башкаруучу директору Михаэль Хармс, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрү катышууда.

Форумдун алкагында төмөнкү темалар боюнча панелдик сессиялар өтөт:

- "Экспорттук потенциал жана өткөөл мезгилдеги логистика: Ортоңку коридордун мүмкүнчүлүктөрү";

- "Кыргыз-герман экономикалык кызматташтыгы үчүн энергетика тармагындагы долбоорлор".

Мындан тышкары, ишкердик байланышты өнүктүрүүгө багытталган В2В жана В2G форматындагы жолугушуулар уюштурулат.

Белгиленгендей, Кыргыз-Герман ишкердик кеңешинин IV отуруму эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө арналат.