Чолпон-Атада КМШга мүчө өлкөлөрдүн Бажы кызматтарынын жетекчилеринин жыйыны өтүүдө

Аймак Загрузка... 04 Июнь 2025 09:52
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.06.25. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында КМШга мүчө өлкөлөрдүн Бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 80-жыйыны өтүүдө.

Бажы кызматташтыгы жаатындагы маанилүү эл аралык иш-чарага Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын жетекчилери катышууда.

Тараптар ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн бир катар маселелерин, талкуулашып, аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, келечек кадамдарды аныкташмакчы.

Иш-чараны минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ачып, ЕАЭБдин алкагында бажы кызматынын ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 80-жыйынынан кийин Бажы кызматынын биргелешкен коллегиясынын 50-жыйыны өтмөкчү.