Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Чолпон-Атада катуу шамалдан улам толкун тартып кеткен бала куткарылды.
Облустук милициядан билдиришкендей, кечээ, 13-июль күнү саат 20:00 чамасында Чолпон-Ата шаарындагы кум жээгинде эс алып жүргөн жаран жашы жете элек уулу менен көлгө түшүп жаткан учурда аба ырайы күтүүсүздөн кескин өзгөрүп, катуу шамал башталган. Натыйжада көтөрүлгөн толкун өспүрүмдү көз ирмемде көлдүн терең жерине тартып кеткен.
Кырдаалды байкаган баланын апасы дароо жакын жерде жайгашкан милициянын таяныч пунктуна кайрылып, жардам сураган.
Билдирүүнү алган замат Ысык-Көл ОИИБдин Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери Абакиров Бауржан эч ойлонбостон көлгө кирип, ыкчам жана чечкиндүү аракетинин натыйжасында сууга чөгүп бара жаткан өспүрүмдү аман-эсен жээкке алып чыккан.
"Өспүрүмгө жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган эмес. Баланын апасы милиция кызматкеринин кесипкөйлүгү жана ыкчам аракетинин аркасында уулунун өмүрү сакталып калганын белгилеп, терең ыраазычылыгын билдирди"-деп айтылат маалыматта.