Чолпон-Атада борбордук канализация системасын курууга даярдыктар жүрүүдө

Аймак Загрузка... 24 Сентябрь 2025 15:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында борбордук канализация системасын куруу долбоорунун алкагында даярдык иштери башталды.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) каржылаган бул долбоор шаардын экологиялык абалын жана жашоо шартын жакшыртууга багытталган.

Долбоорду ишке ашырууга тоскоол болгон мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери жүрүп жатат. Аны Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Ысык-Көл облусундагы архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы, Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы жана Чолпон-Ата шаарынын мэриясы биргеликте жүргүзүүдө.