Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңештин тар форматтагы жыйыны башталды

Саясат
Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңештин тар форматтагы жыйыны башталды
copyright icon Кабар

Бишкек, 14.08.25 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында бүгүн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин (ЕӨАК) тар форматтагы кезектеги жыйыны башталды.

Ага ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин — Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Россия, Армениянын өкмөт башчылары жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышууда.