Чолпон-Атада эл аралык Ысык-Көл офтальмологдор конгресси өз ишин баштады

Ден соолук 2118 27 Июнь 2025 08:40
dad681f4-345c-4473-8e05-c08490f060e3.jpeg
2c85bc89-c650-44b0-b679-b22e8911ac8e.jpeg
Алдыга
Артка
dad681f4-345c-4473-8e05-c08490f060e3.jpeg
2c85bc89-c650-44b0-b679-b22e8911ac8e.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 27.06.25. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында “Дордой - офтальмик сервис” көз микрохирургия борборунун 30 жылдыгын утурлай эл аралык Ысык-Көл офтальмологдор конгресси башталды.

Иш-чарага "Дордой - офтальмик сервис" көздүн микрохирургиясы медициналык борборунун башкы директору Асизбек Эшмамбетов, өлкөнүн алдыңкы көз дарыгерлери, ошондой эле Түркия, Россия, Казакстан, Кореядан келген көз дарыгерлери катышууда.

Конгресстин негизги максаты – офтальмология тармагындагы акыркы жетишкендиктерди талкуулоо жана тажрыйба алмашуу.

Иш-чара офтальмологиядагы илимий-изилдөө иштерин, заманбап диагностика жана дарылоо ыкмаларын камтып, көз ооруларынын алдын алуу, хирургиялык ыкмаларды өркүндөтүү маселелерине арналган.

Конгресстин алкагында эл аралык жана жергиликтүү адистер тарабынан баяндамалар окулуп, катышуучулар заманбап офтальмологиялык жабдуулар менен таанышышат.