Чолпон-Атада ЕАЭБдин бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын 50-отуруму башталды

Борбор Азия Загрузка... 04 Июнь 2025 11:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 04.06.25. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын 50-отуруму болгон мааракелик отуруму башталды.

Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Армения, Беларусь жана Казакстандын бажы кызматтарынын жетекчилери катышууда.

Отурумду ачып жатып Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуунун туруктуу механизми катары Бириккен коллегия платформасынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Бүгүнкү отурум — бул аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгаруу гана эмес, келечекке карай кадамдарды белгилөө мүмкүнчүлүгү. Биз өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү, санариптештирүү, жол-жоболорду шайкеш келтирүү маселелерин талкуулайбыз”, - деди Салиев.

Отурумдун артыкчылыктуу темаларынын арасында интеграциялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, коопсуздукту камсыз кылуу, декларациялоонун электрондук формаларын, анын ичинде электрондук соода товарларын колдонууну кеңейтүү, ошондой эле товарларды администрациялоого жана классификациялоого мамилелерди унификациялоо кирет.

“Жаңы чакырыктардын шарттарында дагы биз өнөктөштүктү бекемдөөнү, практикалык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантып, бизнестин жана Бирликке мүчө мамлекеттеринин кызыкчылыктарында бажы процесстеринин сапатын жана ылдамдыгын жогорулатууга умтулуубуз маанилүү”, - деп баса белгиледи Алмаз Салиев.

Белгилей кетсек, жалпысынан отурумдун күн тартибине ЕАЭБде бажылык башкарууну өнүктүрүүнүн негизги багыттарын чагылдырган 23 маселе киргизилген.

Эскерте кетсек, Бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 80-жыйынынан кийин Бажы кызматынын биргелешкен коллегиясынын 50-жыйыны өтмөкчү.