Бишкек, 30.07.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-2-3-август күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий-этнографиялык комплексинде биринчи жолу дүйнөлүк "Рух Санат" салттуу маданият жана музыка фестивалы өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, фестивалга дүйнөнүн 37 өлкөсүнөн 130дан ашуун салттуу музыкалык искусство ишмерлери, музыканттар, изилдөөчүлөр, эксперттер, продюсерлер катышат. Алар өз элдеринин кылымдарды карыткан, кайталангыс музыкалык жана маданий каада-салттарын, руханий мурастарын дүйнө коомчулугуна тартуулашат. Иш-чара президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылууда.
“Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, бул иш-чара маданий туризмди өнүктүрүү жана Кыргызстанды дүйнөлүк аренада таанытуу максатында ар эки жылда бир жолу өткөрүлүп турмакчы. Бул өзгөчө иш-чаранын негизги максаты – дүйнөлүк маданий мурастын терең байлыгын даңазалоо жана азыркы ааламдашуу доорунда маданияттар аралык диалогду бекемдөө. "Рух Санат" фестивалы аркылуу Кыргызстан салттуу маданият жана искусствонун дүйнөлүк чордонуна, аянтчасына айлануу”,-деп белгиледи министр.
Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борборунун жетекчиси, профессор Роза Аманова белгилегендей, "Рух Санат" фестивалынын Кыргызстанда өткөрүлүшү жөн жерден эмес.

“Себеби, кыргыз жеринде кылымдар бою муундан-муунга аманат болуп келе жаткан "Манас" эпосу, кенже эпостор, күүлөр, элдик жана автордук ырлар, салттуу кол өнөрчүлүк сыяктуу баалуу салттар сакталып келет. Көчмөн турмуш философиясынан калыптанган бул уникалдуу маданий код фестивалдын өзөгүн түзүп, Ысык-Көлдү салттуу маданият жана искусствонун эл аралык борборуна айландырат. Фестиваль "устат-шакирт өнөрканасы” аркылуу доорлорду карыткан салттуу музыкалык искусствонун бүгүнкү сактоочулары болгон өнөр адамдарынын чыгармачылык баарлашуусу өтө турган уникалдуу аянтча, ал келечек муун үчүн руханий мурастын улантылышын шарттайт.
Фестиваль өзүнө төмөнкү үч чоң иш-чараны камтыйт:
Сынак
Сынакка 15 өлкөдөн 84 профессионал аткаруучулар жана чыгармачыл топтор тандалып, катышуусун ырастады. Сынак 1-2-августта өтөт. 3-августта жеңүүчүлөрдүн гала-концерти жана сыйлоо аземи болот. Бул сынак дүйнө жүзүндөгү оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун кесипкөй музыканттарын бир аянтчага чогултат.
Эл аралык конгресс
Конгрессте дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 100дөн ашуун илимпоз-окумуштуулар материалдык эмес маданий мурасты сактоо жана трансформациялоо жаатындагы заманбап көйгөйлөрдү оффлайн жана онлайн форматта талкуулашат.
Маркет аянтча
Маркет – бул чыгармачыл жамааттар, кол өнөрчүлөр, аткаруучулар, продюсерлер жана фестивалдарды уюштуруучулар үчүн түзүлгөн интерактивдүү аянтча. Мында шоу-кейстер, тез жолугушуулар жана ар кандай презентациялар өткөрүлөт. Бул аянтчага 14 өлкөдөн 38 катышуучу менен жолугууга болот”,-деди ал.
Эл аралык салттуу музыка жана бий кеңешинин президенти, Малайзиянын Илим университетинин профессору Тан Суи Бенг фестиваль менен конгресстин максаттары ICTMD уюмунун миссиясы менен толук дал келерин белгиледи.

“Ал маданий ар түрдүүлүктү колдоо жана салттарды кийинки муунга өткөрүп берүүнүн жаңы жолдорун издөө. Биздин мындай демилгелер, илимий жана көркөм чөйрөнү гана байытпастан, маданият аркылуу ааламдашууда өз ара түшүнүшүүгө көмөк көрсөтөт деп ишенебиз. Борбор Азия менен кызматташууну колдоо жана бул тарыхый окуянын бир бөлүгү болуу биз үчүн чоң сыймык”,-деди ал.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев сынактын жеңүүчүсүнө баш байге катары 1 млн сом берилерин кошумчалады.
“Жалпы сынактын байге фонду 3 млн сомду түзөт”,-деди ал.