Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Бишкек экологиялык прокуратурасы тарабынан Ысык-Көл районунда экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, натыйжада Чолпон-Ата шаарындагы жана Бостери айылындагы туристтик эс алуу жайларында тазалоочу курулмалардын айланасындагы санитардык-коргоо зоналары боюнча мыйзам бузуу фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан тазалоочу курулмалардын санитардын-коргоо зонасынын ичине курулуш иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү шаар куруу корутундулары мыйзамсыз берилген.
Аталган фактылар боюнча Экологиялык прокуратура тарабынан "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, тазалоочу курулмалардын айланасындагы мыйзамсыз курулган 30 объект боюнча чараларды көрүү тууралуу тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга прокурордук акт келтирилди.