Бишкек, 27.07.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарынын айланма жолунда курулуш иштери уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жолго асфальт төшөө иштери башталып, мындан тышкары көпүрөлөрдү, суу өткөрүүчү курулмаларды жана тирөөч дубалдарды куруу, инженердик коммуникацияларды көчүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Маалыматка ылайык, айланма жолдун жалпы узундугу 15,64 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө анын 4 чакырымына асфальт төшөлдү. Курулуш иштерине 417 кызматкер жана 186 атайын техника тартылган.
Долбоор президенттин колдоосу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен министрлик тарабынан ишке ашырылууда. Жол транспорттук жүктү азайтып, жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртууга багытталган.