Чолпон-Ата шаарында башкы суу түтүгүн куруу иштери аяктап калганы айтылды

Аймак Загрузка... 04 Июнь 2025 14:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 04.06.25. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында башкы суу түтүгүн куруу иштери аяктап калды. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин иш-сапары учурунда белгилүү болду.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө Д-377х6 мм жана Д-108 х 4 мм темир түтүктөрү 4 чакырымы монтаждалган.

Мындан сырткары долбоордун негизинде, 16 камера, 43 кудук (колодец), долбоордон сырткары 11-кудук кошумча коюлду, жер астындагы өтмөк (переход) долбоор менен 9-даана, кошумча долбоордон сырткары 5-өтмөк (переход), жалпысынан 14-даана жер астындагы өтмөк коюлду.

Ошондой эле өрт өчүрүүчү гидрант долбоор менен 4 даана, долбоордон сырткары 5-даана, жалпысынан 19-даана өрт өчүрүүчү гидрант коюлду.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарынын таза суу түтүктөрүнүн башкы суу түтүгүн алмаштырганга 2024-жылы республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу финансылык каражат бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 98% аткарылды. Долбоорду толугу менен бүтүрүү 2025-жылдын июнь айынын экинчи жарымына белгиленген.