Чолпон-Ата шаарында балдар арасында Куран жарышы өттү

Аймак Загрузка... 17 Март 2026 10:30
WhatsApp Image 2026-03-17 at 09.44.34.jpeg
copyright icon Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы

Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Куран жарышы өттү. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Анда белгиленгендей, жарыш жаш өспүрүмдөр арасында өтүп, алар борбордук мечитте Куран окуу, азан айтуу жана Аллахтын 99 ысым-сыпатын жатка айтуу боюнча билимдерин сынашты.

Куран жарышы боюнча жеңүүчүлөр:

1-орун — 10 000 сом: Эсенканов Имран

2-орун — 5 000 сом: Уланов Ясин

3-орун — 3 000 сом: Эсенканов Ахмад

Азан айтуу боюнча:

1-орун — 5 000 сом: Жолдошбеков Канат

2-орун — 3 000 сом: Мукен уулу Урмат

3-орун — 2 000 сом: Эсенканов Имран

Аллахтын 99 ысым-сыпаты боюнча:

1-орун — 10 000 сом: Мукашев Амир

2-орун — 5 000 сом: Ишенбеков Алиаскар

3-орун — 2 000 сом: Кусеинов Мирбек

Акчалай сыйлыктарды Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Арпидин Жороев тапшырды.