Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарынын 3-кичи районуна жаңы “Ынтымак” паркы курулат.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чолпон-Ата шаардык башкармалыгы тарабынан жаңы парктын эскиздик долбоору иштелип чыкты.
Эскиздик долбоорго ылайык, эс алуу багында жарандар үчүн ыңгайлуу шарттардын баары каралган. Аталган долбоор шаардагы коопсуздукту жана эстетикалык көрүнүштү камсыз кылган заманбап инфратүзүмгө багытталган.