Чолпон-Ата шаардык архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Аймак Загрузка... 05 Декабрь 2025 16:07
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Чолпон-Ата шаарында Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Иш-чарага курулуш министри Нурдан Орунтаев, жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Министр жаңы имараттын аймактагы шаар куруу тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошорун белгилеп, жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү деңгээли мындан ары дагы жогоруларын билдирди.

Жаңы административдик имараттын курулушу 2025-жылдын июнь айында башталган. Долбоорго ылайык, жалпы 288 чарчы метрди ээлеген эки кабаттуу имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмөлөр бар. Заманбап стандарттарга ылайык курулган имаратта кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар, жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү.