Чолпон-Ата айланма жолунун 3 чакырымына асфальт басылды

Аймак 162 19 Август 2026 10:40
WhatsApp Image 2025-12-22 at 15.08.00.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Чолпон-Ата айланма жолунун 3 чакырымына асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаардык Жол-эксплуатациялык ишканасынын жетекчиси Темирлан Момбеков "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда жолдун негизин даярдоо, казуу жана кайра толтуруу иштери 75 пайызга аткарылды.

"Жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзүп, туурасы 23 метрден 27 метрге чейин жетет. Учурда 0-3 чакырым аралыгына асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Дагы 5 чакырым аралыкка биринчи катмарды төшөөгө даярдыктар жүрүп жатат. Негизинен быйыл кеч күзгө чейин биринчи катмарды толугу менен төшөө пландалууда", - деди ал.

Ал белгилегендей, Чолпон-Ата айланма жолу Чолпон-Ата шаарынан Бактуу-Долоноту айылына чейин созулат. Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Жолду кытайлык "Чайна роуд" компаниясы салып жатат. Учурда иштер күнү-түнү жүргүзүлүүдө.