Чолпон-Ата айланма жолу: Курулуш иштери планга ылайык жүрүүдө

Аймак 21 Май 2026 17:20
702590589_1297699725872104_561236512803608923_n.jpg
703076636_1297699632538780_2055708603077390876_n.jpg
703603316_1297699679205442_4768821549983855130_n.jpg
705365666_1297699682538775_3092558611415472686_n.jpg
705627686_1297699625872114_218188965775343935_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Чолпон-Ата айланма унаа жолунун курулушу планга ылайык жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдун узундугу 15,64 чакырымды түзүп, 4 тилкелүү болуп курулууда. Курулушта 123 атайын техника жана жабдыктар үзгүлтүксүз иштеп жатат.

"Учурда жол жээгин тазалоо жана бадалдарды жулуп тазалоо, жер жумуштары аткарылууда. Курулуш алкагында 791 миң куб метр казылган топурак үймөккө чыгарылып, карьерден алынган материалдар менен 76,4 миң куб метр жер тосмосу курулду", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Өрнөк айылында асфальт-бетон заводу жана майдалоочу-сорттоочу орнотмо мобилизацияланып, битум кудугу даярдалды.

Долбоор боюнча 45 суу өткөрүүчү түтүк каралган. Ал эми ПК 35+51 дарегиндеги көпүрөдө тирөөчтөрдүн астын казуу иштери дээрлик аяктап калды.