Чокуда каза болгон альпинисттердин сөөгү эмне болот?

Коом Загрузка... 06 Ноябрь 2025 17:50
WhatsApp Image 2025-11-06 at 12.57.22 (2).jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.25 /Кабар/. Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов “Кабар” маалымат агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө чокуда каза болгон альпинисттердин сөөктөрүнүн тагдыры тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, 8 миң метр бийиктикте каза болгон альпинисттерди алып түшүү мүмкүн эмес.

“8 миң метрден жогору чокуда каза болгондордун сөөктөрү ошол жерде калат. Себеби, андай бийиктикте -35 градустан төмөн суук болот, ошондуктан сөөктөр тоңуп, чирибей сакталат. Эгер каза болгон альпинисттин кийими жыртылып калган болсо, демек ал киши болжол менен 30-35 жыл мурун каза болгон. Эгер кийими бүтүн болсо, анда болжол менен 5 жылдай болгон болот,” – деди Кубатов.

Ал белгилегендей, мындай бийиктикте каза болгондордун 80 пайызы чокуга чыккандан кийин, түшүп келе жатып каза болушат.

“Ошондуктан биз чокуга жеткенде бири-бирибизди куттуктабайбыз. Себеби, чыныгы миссия алдыда. Жатак лагерине аман-эсен жеткенде гана бири-бирибизди куттуктап, кубанабыз.

Мисалы, К2 мен үчүн өзгөчө оор чоку болду. Физикалык жактан эмес, руханий жактан чоң психологиялык сыноолорду баштан кечирдим. Өйдө көтөрүлүп бара жатып ушунчалык чарчадым. Чокуга чыгам да, ушуну менен бүтүрөм деп ойлогом. Бирок, чокуга жеткенде жеңиштин ырахатын сезесиң. Ал эми ылдый түшүп бара жатып, үй-бүлөңө, балдарыңа аман-эсен кайтып барууну Аллахтан тилейсиң. Эң чоң кубаныч жана жеңилдик лагерге аман жеткен учур. Жатакка жеткенде гана өзүңө келип, жан дүйнөң тынчыйт.

Бирок, кайра эле башка чоку, жаңы максат жөнүндө ойлонуп каласың”,-деди ал.