“Чокон Валиханов: тарыхтын жарык жылдызы” тасмасы кыргыз-казак алакасын чыңдоого чоң салым кошот – Чынтемирова

Коом Загрузка... 21 Август 2025 14:55
WhatsApp Image 2025-08-21 at 13.41.09.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.08.2025. /Кабар/. “Чокон Валиханов: тарыхтын жарык жылдызы” даректүү тасмасы кыргыз-казак алакасын чыңдалышына чоң салым кошот. Бул тууралуу “Барсбек Глобал” компаниясынын негиздөөчүсү, тасманын жаратуучусу Нуриза Чынтемирова аталган тасманын бет ачарында билдирди.

Анын айтымында, учурда кыргыз-казак алакасын чыңдоодо бир катар маанилүү медиа долбоорлор ишке ашырылууда.

“Анын эң мыкты үлгүсү катары акыркы бир жылдан бери Кыргызстандын жана Казакстандын телеканалдарында үзгүлтүксүз чыгып жаткан “Кош канат” долбоорун белгилөөгө болот. Долбоордун алкагында бир нече концерттик программалар, телеберүүлөр уюштурулуп, эки элдин маданияты чагылдырылды. Эми бул ишти улантып, тарыхка жана маданиятка салым кошкон инсандар тууралуу даректүү тасмаларды тартууну чечтик. Өзгөчө, бир багытта иш алып барган залкарлар тууралуу баяндоо негизги максатыбыз болду.

Залкарларды изилдей келсек, кыргыз элинин тарыхына алгачкылардан болуп салым кошкон инсан – Чокан Валиханов экенине ынандык. Ал “Манас” эпосун жана кыргыз манасчыларын дүйнөгө жайылтууда, эпосту кагаз бетине түшүрүүдө жана которууда абдан чоң роль ойногон. Ушундан улам, даректүү тасмаларды тартуудагы алгачкы каарман катары дал ушул Чокан Валихановду тандадык.

Бул ишти жүзөгө ашыруудагы бардык өнөктөштөрүмө, чыгармачыл командага терең ыраазычылык билдирем. Мындай эмгектер эки элдин биримдигин чыңдоого кызмат кыла бермекчи. Алдыда дагы көптөгөн залкар инсандарды тартабыз”,-деди ал.