Бишкек, 21.08.2025. /Кабар/. “Чокон Валиханов: тарыхтын жарык жылдызы” даректүү тасмасы кыргыз-казак бир тууган эл экенин дагы бир ирет далилдеди. Бул тууралуу бүгүн мамлекеттик катчы Марат Иманкулов аталган тасманын бет ачарында билдирди.
Анын айтымында, Чокон Валиханов Казакстандын эле эмес, бүтүндөй Борбор Азиянын көрүнүктүү илимпозу, ойчулу жана изилдөөчүсү. Ал “Манас” эпосун кагаз бетине түшүрүп, аны орус тилине которгон.
“Бул аркылуу эпосту дүйнөлүк илимпоздордун таануусуна жол ачкан. Мындан сырткары, Валиханов сүрөтчү катары да кыргыз элинин жашоосун, кийим-кечесин, салт-санаасын сүрөттөр аркылуу чагылдырып кеткен. Тасма абдан сапаттуу тартылыптыр. Мындай маданий алакаларды биз сөзсүз чыңдашбыз керек. Мындан эч ким утулбайт, тескерисинче, эки боордош эл утат. Өзгөчө жаштар бул тарыхый байланыштардын баалуулугун түшүнүп, ушул багытта бирге иш алып барышы абзел”, — деди ал.
Мамлекеттик катчы белгилегендей, бул сыяктуу тарыхый жана маданий байланыштар эки элдин достугун мындан да бекемдейт.