Чоң-Кеминдин тургундары облус башчысынан жаңы ФАП куруп берүүнү суранды

Аймак Загрузка... 11 Май 2026 17:15
2537969.da182d245a8.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Чоң-Кемин айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө жана Тар-Суу айылдарынын тургундары Чүй облусунун башчысы Элкинбек Аширбаевге жаңы фельдшердик-акушердик пункттарды (ФАП) куруп берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Анткени Кара-Дөбө айылындагы 1971-жылы салынган медициналык мекеменин имараты учурда авариялык абалга кептелген.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, имараттын дубалдарынан жарака кетип, жылытуу системасы иштебегендиктен, дарыгерлер кышкысын бейтаптарды жылыткычтардын жардамы менен кабыл алууга аргасыз болушууда. Аймактагы сегиз медициналык объекттин ичинен так ушул эки мекеме расмий түрдө авариялык деп табылып, жергиликтүү бийлик араб кайрымдуулук фонддору аркылуу гранттарды тартуу үчүн тиешелүү документтерди даярдап бүттү.

Ошол эле учурда, Калмак-Ашуу айылында бул маселе жеке демилге менен чечилүүдө — Эрмек ажы Тынай уулу жаңы ФАПтын курулушун өз мойнуна алып, каржылоо иштерин жүргүзүүдө. Имараттардын эскилигине карабастан, аталган айылдарда кадр маселеси толугу менен чечилген. Ал эми президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев инфраструктуралык көйгөйлөрдү тез арада жоюу жана айыл тургундарына татыктуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн ишенимдүү белгиледи.