Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Чүй облусунда курамында баңгизат бар өсүмдүктөрдү жок кылуу боюнча кезектеги рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, "Кара куурай-2026" аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чаранын алкагында Чоң-Кемин айыл аймагында өскөн жапайы маңзат өсүмдүгү аныкталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жалпы аянты 0,5 гектарды түзгөн жерден салмагы болжол менен 1 тоннага жакын жапайы кара куурай чабылып, өрттөө жолу менен толугу менен жок кылынды.
Белгиленгендей, бул иш-чаранын негизги максаты курамында баңгизат бар өсүмдүктөрдүн мыйзамсыз жайылышына бөгөт коюу, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоонун жана жүгүртүүнүн алдын алуу болуп саналат. Аймактарда бул багыттагы текшерүү иштери улантылууда.