Чоң-Кемин жаратылыш паркына 330 түп карагай көчөтү отургузулду

Аймак 21 Апрель 2025 16:05
492232519_670231365629996_274851901605140534_n.jpg
491940197_670231302296669_5467826084034312759_n.jpg
491967736_670231318963334_635125458717229692_n.jpg
491948395_670231295630003_8537712324216663504_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек 21.04.25 /Кабар/. Күн мурун Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Иш-чаранын алкагында парктын Кемин бөлүмүнө караштуу Калмак-Ашуу кыдыртмасынын 1 гектар жерине 330 түп жөнөкөй кызыл карагай көчөттөрү отургузулду.

Көчөттөрдү жаратылыш паркынын кызматкерлери жана Кемин району боюнча 9-11-класстын бүтүрүүчү окуучулары активдүү катышышты.

Белгилей кетсек, көчөттөрдү отургузуу "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында өттү.