Чоң-Ашуу ашуусуна убактылуу чектөө киргизилди

Аймак Загрузка... 19 Декабрь 2025 15:13
1.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 19.12.25 /Кабар/. 22-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдар аралыгындагы Чоң-Ашуу ашуусуна убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Мындай чечим Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде кар көчкү түшүүcү жана жолдор тайгак болушу күтүлүп жаткандыктан улам коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынды.

Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.