Чоң-Алайда жашаган 172 памирлик кыргыз мамлекеттин камкордугунда

Аймак Загрузка... 16 Май 2026 23:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 16.05.26 /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов Чоң-Алай районунда жашаган памирлик кыргыздардан кабар алды.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө үй-бүлөлөрдүн социалдык-тиричилик шарттары, социалдык колдоо көрсөтүү жана мамлекеттик кызматтарды алуу маселелери талкууланды. Бүгүнкү күндө Чоң-Алайда памирлик кыргыздардын 172 өкүлү жашайт.

Бардык үй-бүлөлөр Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык каралган социалдык төлөмдөрдү жана жөлөкпулдарды алып жатканы белгиленди. Министрлик тарабынан социалдык коргоону камсыз кылуу, мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана үй-бүлөлөрдү социалдык колдоо маселелери боюнча туруктуу негизде иштер жүргүзүлүүдө.