Чоң-Алайда заманбап мал союучу жай ишке кирди

Аймак 26 Декабрь 2025 10:53
WhatsApp Image 2025-12-25 at 17.33.47.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-25 at 17.33.48.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-25 at 17.33.48 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-12-25 at 17.33.47.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-25 at 17.33.48.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-25 at 17.33.48 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында заманбап талаптарга жооп берген мал союучу жай ачылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жаңы ачылган мал союучу жай санитардык-гигиеналык нормаларга толук жооп берип, эт азыктарын коопсуз жана сапаттуу даярдоого багытталган.

Бул жайда мал союу процесси эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлүп, ветеринардык көзөмөл толук камсыздалат.

Белгиленгендей, жаңы ишкана бир нече туруктуу жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү экономиканын өсүшүнө өбөлгө болору талашсыз. Мал союлуучу жай заманбап жабдуулар менен камсыздалып, калдыктарды кайра иштетүү жана айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтуу багытында атайын технологиялар колдонулат.